Талас: Шайлоочулар Дастан Жумабековдун жеңип чыкканына нааразы

Талас: Шайлоочулар Дастан Жумабековдун жеңип чыкканына нааразы

Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында Манас шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондордун митинги өтүүдө.

Чогулган эл добуштарды алдын ала эсептөө боюнча өз аймагынан жеңип чыккан Дастан Жумабеков шайлоочуларды сатып алуу менен алектенген деп ырасташууда. Митингчилер Жумабековдун үстүнөн арыздар көп болгондуктан аны шайлоодон четтетүү талабын коюшууда.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кол менен саноо боюнча маалыматтарды жарыялоону улантып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жекшемби күнү, 28-ноябрда өттү. Добуштарды автоматтык түрдө саноо боюнча маалымат БШКнын сайтында жарыяланганда, добуштарды эсептөөнүн тууралыгына шектенүү жаралган мүчүлүштүктөр орун алган. Учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>