Таласта активисттер соттон чындык издеп Садыр Жапаровго кайрылышты — видео

Таласта активисттер соттон чындык издеп Садыр Жапаровго кайрылышты — видео

Талас шаарында жашаган активисттер жергиликтүү соттор тарабынан акыйкат чечим болбой жатканын айтып президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдошту. Алар буга мурдагы губернатор Марат Мураталиевдин кеңешчиси катышкан жол кырсыгын мисал келтиришүүдө. Жергиликтүү активист Адилет Токторбаевдин айтымында, жогорудагы окуя боюнча сот кеңешчини жоопкерчиликтен куткарууну көздөп жатат.

“30-июль күнү Талас-Тараз-суусамыр унаа жолунан 1994-жылы туулган Аскат деген инибизди ошол убактагы губернатордун кеңешчиси мас абалында унаа менен коюп кеткен. Ошол боюнча бүгүнкү күндө сизден гана акыйкатсыздык, калыстыкты сурап кайрылууга туура келип жатат. Себеп дегенде экспертизанын жыйынтыгы менен биздин инибиздин канында да алкоголь болгон деп туура эмес корутунду чыгарып жатышат. Андан тышкары, губернатордун кеңешчиси ошол убакта мас экенине карабай жоопкерчиликтен качып жатат”, — деди Токторбаев

https://www.facebook.com/maksat.ibrohim/videos/3460278564064069/

Жол кырсыктан каза тапкан жигиттин атасынын айтымында, Аскат 7-класстан бери намаз окуп жүргөн.

Талас облусунун мурдагы жетекчисинин кеңешчиси Марслатбек Шералиев 30-июлда мас абалында жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти коюп кеткен. Аскат Асыкулов ооруканада каза тапкан. Ал бир үйдүн жалгыз баласы болчу.

Марслатбек Шералиев учурда облустук милициянын убактылуу кармоочу жайында. Милициядан билдиришкендей, анын бөгөт чарасы 26-октябрда Талас районунда каралат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>