Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндү
Таласта аюу менен мамалак аткан адам камакка алынды
13.09.2020 | 17:23
Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьер кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кылмышка шектүүнү 12-сентябрга караган түнү колго түшүргөн.
“Талас облустук милиция кызматкерлери жана Аңчылык департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылып келе жаткан адамдар түшкөн автоунаа токтотулган. Андан эки баш аюу, алардын терилери жана эти табылган. Кылмышка шектүү Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну, 1984-жылы туулган К.У. камакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда аюуну атууга уруксат жок. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга бир миллион сом айыппул салынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар