Таласта тургун айылдашын мылтык менен атып салган. Окуянын чоо-жайы

Таласта тургун айылдашын мылтык менен атып салган. Окуянын чоо-жайы

Таласта тургун айылдашын ок атуучу курал менен атып салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 23-ноябрга караган түнү Көпүрө-Базар айылында болгон. Эки айылдаш спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам чырдаша кеткен. Ошол учурда бири экинчисин үйүндөгү ок атуучу курал менен бир жолу атып салган. Натыйжада 42 жаштагы С.Д. аттуу жаран оор жараат алып, ооруканага түшкөн.

Бул кылмышка шектүү катары ок жеген жарандын айылдашы – 43 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, учурда бул иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калды. Жакынкы күндөрү иш сотко өткөрүлөт.

Reporter.kg’ге Көпүрө-Базар айылынын тургундары билдиргендей, аталган эки тургун достук мамиледе болгон. Окуя болгон күнү алар айылдын жогору жагындагы сарайда ичимдик ичишкен. Кызып калганда мелдеше кетип, «мылтык менен ата аласың, ата албайсың» деп талаша кетишкен. Натыйжада бири экинчисин ок атуучу курал менен атып салган. Учурда ок жеген жаран Бишкектеги ооруканага алынып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>