Чүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыкты
Таласта көк бөрү боюнча чемпионатта мушташ чыкты – видео
31.10.2022 | 10:49
Кечээ, 30-октябрда Таласта көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында көрөрмандар мушташа кетти. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Талас шаардык милициясы ырастады.
Мушташкандарды милиция кызматкерлери арачалаган.
Көк бөрү боюнча мелдеш Р. Алканов атындагы ат майданда 25-30-октябрь күндөрү болуп өттү. Кечээ мелдештин финалдык беттештери болгон.
Мелдештин жыйынтыгы:
Биринчи орун (чоңдор) – Талас;
Экинчи орун (чоңдор) – Чүй;
Үчүнчү орун (чоңдор) – Ош.
Биринчи орун (жаштар) – Чүй;
Экинчи орун (жаштар) – Нарын;
Үчүнчү орун (жаштар) – Талас.
Мыкты оюнчу (чоңдор): Кушчубай Илис уулу (Талас);
Мыкты аргымак: Көк-Мончок (Чүй);
Мыкты оюнчу (жаштар): Калкаман Акбаржан уулу (Чүй);
Мыкты аргымак (жаштар): Арча-Тору (Нарын).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз