Сауд Арабияга жана Перс булуңунун 6 өлкөсүнө эмгек мигранттар жөнөтүлөт

Сауд Арабияга жана Перс булуңунун 6 өлкөсүнө эмгек мигранттар жөнөтүлөт

Сауд Арабиясы жана Перс булуңунун башка 6 өлкөсү Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, министр Кудайберген Базарбаев Перс булуңунун өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча кызматташуу боюнча аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү болгон жеке компанилар менен макулдашууга кол койду.

«Президент Садыр Нургожоевич Жапаров эмгек миграциясы, жарандарыбыздын чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношуусун уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Эмгек министрлиги биздин жарандарды Перс булуңунун алты өлкөсүндө мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча келишим түздү, алар Сауд Аравиясы, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Иордания.

Бүгүнкү күндө бул өлкөлөрдө 815 бош орун бар, ошол эле учурда чакырган тарап визаны бекер берип, авиакаттамды төлөйт. Ошондой эле талапкер өзүнүн документалдык колдоо көрсөтүүсүнө байланыштуу чыгымдарды төлөбөйт», — деди министр.

Перс булуң өлкөлөрүндө жарандардын ишке орношуусу боюнча маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунан, ошондой эле — migrant.kg сайтынан алса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>