Таласта компьютердик томографиянын баасы арзандатылды

Таласта компьютердик томографиянын баасы арзандатылды

Талас облустук биргелешкен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы арзандатылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Быйыл январь айынан тарта ооруканада томограф иштей баштаган. Ал Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 349 миң долларга сатылып алып берилген.

2022-жылы чыккан бул жаңы аппарат дарыгерлердин жумушун кыйла жеңилдетүүдө. Ооруканабызда компьютердик томография жокто бейтаптар айласыздан жолдун алыстыгына карабастан борбор калаага же жеке менчик клиникаларга кайрылууга аргасыз эле. Эми бул аппарат менен шашылыш түрдө түшкөн бейтаптардын дартын тез арада аныктап, дарылоого шарт түзүлдү”, — дейт оорукананын жетекчиси Нурдин Усупбеков.

Учурда компьютердик томограф күнү-түнү иштөөгө өткөн. Мурда компьютердик томографиядан өтүү 2 миң 601 сом турса, азыр 1 миң 500 сом болуп, арзандатылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>