Таласта коронавирус чыкканы айтылууда. Облустук штаб маалыматты четке какты

Таласта коронавирус чыкканы айтылууда. Облустук штаб маалыматты четке какты

Талас шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавируска бир адам шектелгендиги үчүн оорукана жабылууда. Мындай маалымат “Репортерго” өздүк булактардан келип түштү.  

Маалыматты тактоо үчүн саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова байланышканыбызда, оорукана дезинфекция үчүн жабылып жатканын айтып, коронавирус чыкканын четке какты.

“Эч кандай коронавирус чыккан жок. Дезинфекция үчүн жаап жатабыз, эртең ачылат. Дароо эле коронавирус чыгыптыр дегенден алыс болсок”, – деди Шамбетова.

Ал эми Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова маалыматты тасытактаган да, четке каккан да жок. Ал «болгон маалыматты эртең расмий брифингден угасыңар» деди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы болсо, бир адам коронавируска шектелип жаткандыгын айтып, бирок анализдери ызырынча чыга электигин белгиледи.

 Белгилей кетсек, Талас облусу Кыргызстан боюнча коронавирус илдети катталбаган бирден-бир жалгыз аймак.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>