27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Таласта малга атайын ленталар тагылат
18.10.2021 | 14:20
Таласта караңгыда мал көрүнбөй калып, жол кырсыктын жаралышына бирден-бир себеп болуп жатат. Мындай нааразылыктар менен бир канча айдоочу Талас бийлигинин имаратынын алдына чыкты.
Алардын айтымдарында, түнкүсүн жол караңгы болуп, мал көрүнбөй калууда. Кээ бир жерлерде жол чырактар жок. Ошол себептен, малдарга түнкүсүн чагылып жарык боло турган ленталарды тагуу керек.
Ал эми облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков нааразы тарапты кабыл алып, мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, малдарга атайын ленталарды тагууга тапшырма берилээрин убада кылды.
Бул нааразылыкка 15-октябрда Талас районундагы жол кырсыгы себеп болууда. Андан 9 киши каза тапкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом