Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Таласта милиция издөөдө жүргөн жаранды тоонун арасынан кармады (видео)
19.10.2023 | 09:40
Бишкек шаарынынын тургунунан акча алып, алдап кеткени үчүн издөөдө жүргөн жаран Таластан кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган адам (У.Ж.) өзүнүн шериктери менен бирге Бишкек шаарынын тургунуна үй алып беребиз деп, 28 миң доллар акча алып, изин жашырып кеткен. Аталган факты боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Таласта жашынып жүргөнү аныкталып, облустук милициянын кызматкерлери 38 жаштагы жаранды (У.Ж.) Маймак айылынан тоо-таштардын арасынан колго түшүргөн.
16-октябрда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз