Жапаров америкалык миллиардер Рэймонд Далиону Кыргызстанга чакырды

Жапаров америкалык миллиардер Рэймонд Далиону Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубайда өткөн инвестициялык форумда америкалык финансист, миллиардер Рэймонд Далио менен жолукту.

Америкалык миллиардер Минкаб төрагасына «Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери» аттуу автордук китебин  белекке берди.

Акылбек Жапаров Рэймонд Далиону Кыргызстанга чакырып, китеби боюнча студенттерге лекция өтүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, 73 жаштагы миллиардер жана инвестор Рэймонд Далио 150 миллиард долларлык активдерди башкарган «Bridgewater Associates»  компаниясынын негиздөөчүсү.

«Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери» аттуу автордук китеп дүйнөлүк бестселлерге айланган. Анда дүйнөлүк экономиканын өйдө-ылдый болушу, азыркы учур менен жашап өткөн замандын жана келечектин айырмасы сыяктуу бир катар суроолорго жооп алууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>