Таласта мурдагы облус башчы менен мэр кармалды

Таласта мурдагы облус башчы менен мэр кармалды

Таласта мурдагы облус башчы жана мурдагы шаар мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Таластагы кийим тигүүчү фабриканын курулушу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш иштин алкагында мурдагы облус башчысы Бакытбек Нарбеков, Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э., Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы С.С. жана «Ника KG » ЖЧКнын өкүлү А.А. уулу кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, алар тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүүгө шектелүүдө. Фабриканы салууга 82 млн сом каралып, курулуш үчүн акчасын баасы жогорулатылган. Ошол эле учурда, келишимде курулуш иштери толук бүткөрүлгөңдөн кийин акча төлөнөрү каралганы менен фабриканы салып жаткан «Ника KG» курулуш компаниясынын эсебине 25 млн сом которулган. Тактоону талап кыла турган маалыматтарга ылайык, кызмат адамдар компанияга которулуп берилген акчадан өз үлүшүн алган.

Кармалгандар Талас облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>