Жаңы акыйкатчы Жаманбаева жамаатка тааныштырылды

Жаңы акыйкатчы Жаманбаева жамаатка тааныштырылды

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтунун борбордук аппаратынын жамаатына жаңы акыйкатчы катары тааныштырылды.

Аны Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.

Ал кызматкерлерге жана акыйкатчыга адам укуктарын коргоодо ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

Жаңы акыйкатчы Жогорку Кеңештин депутаттарына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, команда менен биргеликте Акыйкатчы институтунун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган ишин күчөтүү ниетин билдирди.

Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында шайланган. Анын талапкерлигин 48 депутат колдогон.

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

Буга чейин акыйкатчы болуп иштеп келген Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>