Россиянын жаранын өлтүрүп, унаасын алып кетишкен. Эки шектүү кармалды

Россиянын жаранын өлтүрүп, унаасын алып кетишкен. Эки шектүү кармалды

Россиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармашты.

Бир күн мурда ыкчам кызматкерлер эки шектүүнүн жүргөн жерин аныкташкан. Өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынып, Бишкек шаарында жашырынып жүрүшкөн 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М.. кармалды. Алар Токтогул районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, 2022-жылдын 20-июнунда саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыктан киши колдуу болуп өлгөн белгилери бар европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Токтогул РИИБ тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 44 жаштагы Д.К. болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында жаран Д.К. өзүнүн унаасы менен шектүүлөр Ж.Т. жана А.М. менен  биргеликте  Россиянын аймагынан чыгып кетишкен.

Алар Кыргызстанга келгенден кийин, Россиянын жараны Д.К.ны өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышкан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>