Парламенттин маалымат кызмат бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Парламенттин маалымат кызмат бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп Жайыл Русланов дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин маалымат кызматын мурда жетектеп келген Эркинбек Каимов өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Жайыл Русланов 2015-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүн аяктап (бакалавр), 2017-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университинин Журналистика факультетинин магистратурасын бүтүргөн. 2014-жылдан 2016-жылга чейин «Кыргыз Туусу» гезитинде кабарчылык кызматты аркалаган.

Ал эми 2016-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүндө консультант, улук консультант жана эксперт кызматтарында иштеп келген. Ошондой эле, 2019-жылы Басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>