«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Экономика министрлиги Wildberries менен кыргызстандык ишкерлердин тарткан зыянын талкуулады
23.07.2026 | 11:55

Мекеменин басма сөз кызматы тактагандай, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун Wildberries компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу 21-июлда өттү.
Министрликтин маалыматы боюнча, тараптар 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы компаниянын логистикалык комплекстери жабыркаган окуялардын кесепеттерин талкуулашты.
Анын натыйжасында компаниянын кампаларында турган Кыргызстандын тигүү тармагындагы ишкерлеринин товарлары да зыянга учураган.
Wildberries өкүлдөрү министрге келтирилген зыянды баалоо иштери жүрүп жатканы тууралуу маалымат беришти. Атап айтканда, компания кампа инфраструктурасынын жабыркоо көлөмүн аныктап, объекттерде сакталган товарларды, анын ичинде кыргызстандык ишкерлерге таандык продукцияларды инвентаризациялоодон (каттоодон) өткөрүүдө.
Эске салсак, буга чейин КР Тышкы иштер министрлиги ар кандай даражадагы жаракаттарды алган эки кыргыз жараны — Н. А. жана Ж. уулу А. тууралуу билдирген.
«Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Экөө тең Электросталь шаарынын ооруканасында. Элчиликтин кызматкерлери жабыркагандар жана алардын жакындары менен жолугуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүштү», — деп айтылат билдирүүдө.