Таластагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схема аныкталды

Таластагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схема аныкталды

Бийлик бутактарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Айрым кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктары үчүн аталган өкүлчүлүктүн имараттарда жайгашкан кеңсе жайларды коммерциялык жанакоомдук уюмдарга ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз өздөрүнө ыйгарып алган.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган.

Жогорудагы материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>