Таластагы коррупция иши: Дагы 3 млн сом кайтарылды

Таластагы коррупция иши: Дагы 3 млн сом кайтарылды

Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупция фактысы боюнча кошумча 3 млн сом мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. коррупцияга шектелип кармалган. УКМК муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталганын, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 млн сомдон ашканын билдирген.

Бул кылмыш ишинин алкагында мындан мурдараак 5 млн сом кайтарылганы айтылган. Учурда кошумча 3 млн сом мамлекетке кайтарылган.

«Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт. Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>