Таркович: Татаал шартта өткөн оюнда 0:2 эсеби команда үчүн канааттандырарлык

Таркович: Татаал шартта өткөн оюнда 0:2 эсеби команда үчүн канааттандырарлык

Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азия кубогунда Сауд Арабиясы менен болгон беттеш тууралуу ою менен бөлүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан атаандаштарына 0:2 эсебинде жеңилген. Бул “ак шумкарлардын” Азия кубогунун тайпалык оюндарындагы экинчи жеңилүүсү болду. Аталган беттеште Кыргызстандын эки оюнчусу кызыл айып кагазын алып, биздин курама оюндун көп бөлүгүн азчылыкта өткөрдү.

Тарковичтин айтымында, Кыргызстан азчылыкта 0:2 эсебинде ойногону, алар үчүн канааттандырарлык натыйжа болду.

“Тогуз оюнчу менен Сауд Арабиясына каршы ойноо кыйын. Айрыкча, экинчи оюнчубуз оюн талаасын таштагандан кийин, биз толугу менен коргоого өтүп, атаандаштын чабуулун күтүп, алар менен эле алек болуп калдык.

Мындай атаандаш менен биз төмөн блок менен ойноп, чабуулдарды эле күтүп ойной алмак эмеспиз. Албетте, биз оюнчуларды күрөшкө шыктандырдык, алар атаандашка каршы кысым уюштурушу керек болчу. Бирок, тилекке каршы, оюнчулардын беттеш убагында жекеме-жеке келгенде кандай аракет жасарын биз башкара албайбыз.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн башында үмүт бар болчу. Биз оюнчуларды чабуулдарды уюштурууга даярдап жатканбыз. Бирок экинчи кызыл айып кагазынан кийин, бул дээрлик мүмкүн болбой калды. Ушундай татаал шарттарда өткөн оюнда 0:2 натыйжасы биздин команда үчүн канааттандырарлык.

Биздин эки оюнчубуз оюн тааласын таштаганы абдан жаман болду. Бирок, экинчи жагынан алып караганда, биз командалык оюнду көрсөттүк деп ойлойм. Балдар болушунчу аракет кылып, аягына чейин күрөшүштү”, — дейт Таркович.

Сөзүн улай ал Кыргызстандын оюнчуларына 2 кызыл айып кагазын көрсөткөн калыстын ишине баа бере албай турганын билдирген.

“Калыстын иши жөнүндө эч нерсе айта албайм. Калыс өз чечимин чыгарды, мен алардын ишине баа берүүгө укугум жок”, — дейт машыктыруучу.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын курамасында өлкөдөгү мыкты оюнчулары чогулган.

“Бизде оюн тажрыйбасын топтоого муктаж болгон көп оюнчулар бар. Командада муун алмашуу процесси жүрүп, курам жаңырып жатат.

Албетте, жаракат алгандарды эске албай турган болсок, менин оюмча, азыр курамада өлкөнүн мыкты оюнчулары чогулган.

Жаңы оюнчуларды өстүрүү үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул процесс көп убакытты талап кыларын түшүнүү зарыл. Мен Кадыржанов, Сталбеков жана Шамурзаевди, аларды жоопкерчиликти сезип, оюн тажрыйбасына ээ болуп, маанилүү турнирлерде оюндун атмосферасын сезиш үчүн оюн талаасына чыгардым”, — дейт ал.

Ал Кыргызстандын тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, күрөш уланып жатканын айткан.

“Оманды жеңсек, кийинки этапка чыгууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бул беттеш менен баары аяктап калган жок. Күрөш уланууда”, — дейт Таркович.

Белгилүү болгондой, Азия кубогунун жобосуна ылайык, өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле тайпада үчүнчү орунду алып, мыкты деп табылган 4 курама да 1/8 финалда ойной алат. Кыргызстан акыркы беттеште жеңишке жетсе, тайдан чыга алат.

Азия кубогу: Кыргызстандын 1/8 финалга чыгууга мүмкүндүгү бар. Тайпаларга көз жүгүртөбүз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>