Азия кубогу: Кыргызстандын 1/8 финалга чыгууга мүмкүндүгү бар. Тайпаларга көз жүгүртөбүз

Азия кубогу: Кыргызстандын 1/8 финалга чыгууга мүмкүндүгү бар. Тайпаларга көз жүгүртөбүз

Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун алкагындагы экинчи айлампанын оюндары 21-январда жыйынтыкталды. Бүгүн, 22-январда үчүнчү айлампадагы беттештер башталат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын курамасы алгачкы эки оюнунда атаандаштарына жеңилип, өз тайпасында акыркы орунда турат. Бирок бактыбызга жараша Кыргызстандын үчүнчү орун менен тайпадан чыгууга дагы да болсо мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн үчүнчү оюнда сөзсүз жеңиш керек. Бирок бир эле жеңиш да жетиштүү эмес. Себеби үчүнчү орун менен плей-оффко өтө турган башка тайпалардагы курамалардын, кеминде 2 команданын жыйынтыктары Кыргызстандан начар болушу зарыл. Эмесе Кыргызстандын курамасы кандай болгондо тайпадан чыга аларын карап көрөлү.

Азия кубогунун жобосуна ылайык, өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле өз тайпасында үчүнчү орунду алып, мыкты деп табылган 4 курама да 1/8 финалда ойной алат. Азыр үчүнчү орун менен плей-оффко өтө турган айрым командалар аныкталып калганы менен Кыргызстандын курамасынын бактысына (үчүнчү орун менен чыга турган) курамалардын абалы арсар. Алдыдагы беттештер көпчүлүк күтпөгөн жыйынтыктарды алып келиши мүмкүн.

Алгач А тайпасына назар салалы. Бул тайпада Катар (6 упай) биринчи орун менен чыгат. Калган үч курама – Кытай (2 упай), Тажикстан (1 упай) жана Ливандын (1 упай) бири экинчи жана үчүнчү орун менен 1/8 финалга чыга алат. Бирок акыркы беттештерде Катар Кытай менен, Ливан Тажикстан менен ойной турганын эске алуу керек. Бул тайпада Катар Кытайды утса эле, Кытайдын эсебинде 2 упай гана болуп, А тобунан үчүнчү орун менен чыга турган курама жок болот. Ошондо Ливан менен Тажикстандын кимиси утары бизге маанилүү болбой калат, себеби уткан команда өз тайпасында 4 упай менен экинчи орунду ээлейт. Ал эми Кытай Катарды жеңсе, Ливан менен Тажикстан тең чыгышы керек болот.

В тайпасында Австралия (6 упай) менен Өзбекстан (4 упай) биринчи жана экинчи орунду ээлеп турат. Үчүнчү орунда турган Сирияда 1 упай бар, ал эми акыркы орундагы Индияда упай жок. Соңку беттештерде Австралия менен Өзбекстан жана Сирия менен Индия ойнойт. Бул курамалардын ичинен бизди Сирия менен Индиянын оюну кызыктырат. Бул оюнда эки курама тең чыкса, алардын эсебинде 2 жана 1 упай болуп, бири да тайпадан чыга албай калат. Болбосо Индия Сирияны жеңсе, айрыкча минималдык, 0:1 эсебинде утса, Кыргызстандын үчүнчү орун менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү артат. Себеби Индия өз дарбазасына 5 гол өткөрүп, көрсөткүчтөрү начар. Мисалы, Кыргызстан өз дарбазасына 4 өткөрүп алган. Эгер Индия 1:0 эсебинде жеңишке жетсе, алардын гол айырмачылыгы -4кө түшөт. Ал эми Кыргызстан 1:0 эсеби менен атаандашын утса, гол айырмачылыгы -3 болуп, көрсөткүч Индиядан жакшыраак болуп, 1/8 финалга өтө алат.

С тайпасында Иран (6 упай) менен Бириккен Араб Эмираттары (4 упай) алдыңкы эки орун менен чыгат. Үчүнчу орунду Палестина (1 упай)  менен Гонконг (0 упай) талашат. Эгер бул командалар беттеште тең чыкса, 2 жана 1 деген упайлары менен бири да тайпадан чыга албай калышы мүмкүн. Себеби 1/8 финалга өтүүгө упайлары жетпей калат.

D тайпасында Ирак (6 упай) биринчи орунду ээлөөдө. Андан кийин Япония (3 упай), Индонезия (3 упай) жана Вьетнам (0 упай) турат. Үчүнчү айлампада Ирак Вьетнам менен жана Япония Индонезия менен ойнойт. Биз көңүл бурчу беттеш Япония менен Индонезиянын ортосунда өтөт. Япония үчүн тең чыгуу деле экинчи орун менен тайпадан чыгуусуна жол ачат. Бирок Япония тең чыгууга макул болбой турганы бышык. Мындан улам «көк самурайлар» атаандаштарын ири эсеп менен, кеминде 3:0 менен жеңсе, Кыргызстандын курамасынын тайпадан чыгуусуна өбөлгө түзүлөт («ак шумкарлар» жеңишке жетсе).

Е тайпасына келсек, сап башында Иордания (4 упай), андан кийин Түштүк Корея (4 упай) турат. 3 упайы бар Бахрейн үчүнчү орунду ээлөөдө. Саптын аягында турган Малайзияда упай жок. Бул тайпада акыркы оюндар Иордания менен Бахрейн жана Түштүк Корея менен Малайзиянын ортосунда өтөт. Кыргызстандын тайпадан чыгышына таасир эте турган оюн — Иордания менен Бахрейндин беттеши. Бул оюнда Иордания атаандаштарын кеминде 3:0 (3 гол айырмачылыгында) утушу зарыл.

Акыркы болуп F тайпасына көз жүгүртөлү. Бул беттеште Кыргызстан Сауд Арабия, Таиланд жана Оман менен бир жайгашкан. Соңку оюндарда Кыргызстан Оман, Сауд Арабия Таиланд менен беттешет. Берки эки кураманын оюну биздин тайпадан чыгуубузга эч таасир этпейт. Алар тайпадагы биринчи жана экинчи орун үчүн таймашат.

Ал эми үчүнчү орун үчүн талаш Кыргызстан менен Омандын ортосунда болот. Бул оюнда «ак шумкарлар» атаандаштарын болушунча ири эсеп менен жеңиши керек болот. Голдордун айырмачылыгы 4:0 (же 3:0, 5:1) болгону Кыргызстан үчүн жакшы. «Ак шумкарлар» 1:0 эсебинде жеңишке жетсе да, плей-оффко өтүүгө мүмкүнчулүгү болот. Бирок башка тайпадага үчүнчү орун үчүн беттештер биз күткөндөй жыйынтыкталышы керек болот. Ал эми атаандаштарын ири эсеп менен жеңсе, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы да артат.

Сөз аягында айта кетсек, Кыргызстан тайпадан чыгуу үчүн сөзсүз 3 упай алып келген жеңиши болушу шарт. Андан тышкары башка тайпаларда үчүнчү орунду алган курамалардын, кеминде 2 команданын Кыргызстандыкынан көрсөткүчтөрү (упайлары аз же упайлары тең болсо, гол айырмачылыгы начар) начар болушу керек.

Белгилей кетсек, 2019-жылы да Кыргызстан акыркы оюнунда гана жеңишке жетип, үчүнчу орун менен тайпадан чыгуусуна мүмкүнчүлүк алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>