Көлбаевдин унаасы УКМКга берилерин кабарлаган мекеменин жетекчилиги иштен алынды

Көлбаевдин унаасы УКМКга берилерин кабарлаган мекеменин жетекчилиги иштен алынды

Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескеме президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Мүлк агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев да кызматтан алынды.

Медер Машиев

Белгилей кетсек, Канатбек Тургунбеков менен Медер Машиевдин кызматтан алынышы «маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эки унаасы УКМК менен президенттин иш башкармалыгына берилет» деген чырлуу жаңылыктан кийин болуп отурат. Буга чейин журналисттер Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына таянып, мурда Көлбаевге таандык болгон бир унаа президенттин иш башкармалыгына жана дагы бир унаа УКМКга берилери тууралуу жазган. Бул маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Кийинчерээк УКМК аларга Көлбаевдин унаасы берилери тууралуу маалыматты төгүндөп, коомчулукту мамлекеттик органдар берген маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

УКМК Көлбаевдин унаасын колдонууга алганын четке какты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>