Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Тармактык комитет Германиядагы элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Абдылдаевдин талапкерлигин жактырды
17.03.2020 | 16:34
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоого сунушталган Эрлан Абылдаевдин талапкерлигин жактырды.
Эрлан Абылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет. 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.
Мындан тышкары тармактык комитет Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна дайындоого сунушталган Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин да жактырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат