Тармактык комитеттер Башкы прокурордун отчетун кабыл алды

Тармактык комитеттер Башкы прокурордун отчетун кабыл алды

Бүгүн, 11-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет менен бирге Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчетун карады.

Суроо-жооп иретинде өткөн жыйында алгач Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова баяндаманын форматы өзгөрүүсүз калганын, сандар гана жаңыланганын айтып, Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздугуна прокурордук көзөмөл жүргүзүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын экстрадициялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселени көтөрдү. Ал эми Башкы прокурор ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Депутат Жанарбек Акаев “Меганын” айланасындагы коррупциялык схемага, анын ичинен А.Ширшовго байланышкан жагдайларга токтолуп,  Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган жарандар тууралуу да сөз кылды.

Бул суроого Ички иштер министрлигинин өкүлү жооп берип, аталган иш боюнча иликтөө жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады. Башкы прокурор болсо “Кемпир-Абад” боюнча кылмыш иши жок экенин айтып, айрым жарандарга башка берене боюнча иш козголгонун жүйө келтирди.

Өз кезегинде ИИМдин өкүлүнө кайрылган депутат Элмурза Сатыбалдиев да “Кемпир-Абад боюнча кылмыш иши барбы? Беренени так айткыла”, – деди. Ал эми министрликтин өкүлү “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Андан тышкары, депутат Эмил Жамгырчиев кылмыш жана жазык-процесстик мыйзамдар чөйрөсүндөгү бир катар кодекстер кабыл алынгандан кийин аларга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар айтылып жатканын белгилеп, сунуштун зарылчылыгына кызыкты.

Бирок Башкы прокурор кодекстер иштеп жатканын жана аларга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок экенин, муну менен бирге тиешелүү жумушчу топ аны жакшыртуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев менчиктештирилип кеткен социалдык объектилерди кайтаруу маселесин көтөрүп, отчетто 20 объект аныкталганын мисал кылды. Курманкул Зулушев алардын ар бири боюнча жазуу жүзүндө жооп берерин убада кылды.

Депутат Мейкинбек Абдалиев болсо прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесине токтолуп, бул багытта Башкы прокуратура натыйжалуу иш алып барып жатканын билдирди.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Башкы прокуратурага сот органдары менен биргеликте статистикалык маалыматтардагы карама-каршылыктарды жоюуну, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын республикага экстрадициялоо боюнча ишти улантууну сунуштады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова отчетту добушка коюп, жыйынтыгында канаттандырарлык деп табылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>