Бишкектин борбордук аянтында чогулган элди таратып, тартип орноткон милиция кызматкерлери Ала-Тоо аянтында укташты. Ондогон калканчан милиция кызматкерлеринин асфальттын жана көк чөптүн үстүндө жаткан сүрөттөрү учурда интернетке жарыяланууда.
Соцтармак колдонуучулары күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыздап, өз жумуштарын аткарып жүргөн кызматкерлерге алкыш айтышууда.
8-август күнү кечке маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган соң, анын тарапташтары Ала-Тоо аянтына чогулган. Милиция аларды таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонгон.