Эксперт: Чет өлкөлүктөр үчүн суррогат эне болууга тыюу салуу бул тармакты көмүскөгө түртөт

12.08.2026 | 17:05
Эксперт: Чет өлкөлүктөр үчүн суррогат эне болууга тыюу салуу бул тармакты көмүскөгө түртөт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн суррогат эненин кызматынан пайдалануусуна сунушталып жаткан тыюу салуу бул тармактын көмүскө секторго өтүп кетишине алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Reporter.kg сайтына Tang IVF репродуктология жана ЭКҮ (экстракорпоралдык уруктандыруу) медициналык борборунун башкы директорунун орун басары Гүлкайыр Кубанычбекова билдирди.

Анын айтымында, тыюу салуу мыйзам долбоорунун авторлору белгилеп жаткан көйгөйлөрдү, анын ичинде суррогат энелерге акча төлөнбөй калышын, алардын ден соолугунун начарлашын жана расмий статистиканын жоктугун чечпейт.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, тыюу салынгандан кийин кызмат жоголбойт, тескерисинче, көмүскө секторго өтөт. Ал жакта аялдардын укуктук жактан корголушу күчөбөстөн, азаят. Аялдардын укуктарын чыныгы коргоо – бул милдеттүү типтүү келишимдер, эскроу аркылуу кепилденген төлөм, медициналык стандарттар жана мамлекеттик реестр. Авторлор шылтоо кылып жаткан статистиканын жоктугу боюнча көйгөйдү так ушул реестр чечмек», - деп эсептейт Кубанычбекова.

Ошондой эле ал мыйзамдуу жана жөнгө салынган репродуктивдик медицина медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун камсыздап, жумуш орундарын түзүп, чет элдик валютанын келишине өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Анын пикиринде, тыюу салуунун ордуна ачык-айкын жөнгө салуу жана салык салуу системасын киргизүү зарыл.

Мындан тышкары, Кубанычбекова мыйзам долбоорунда чет өлкөлүктөр менен никеде турган Кыргызстандын жарандары үчүн каралган өзгөчөлүктү негизсиз жана басмырлоого (дискриминацияга) шарт түзөт деп эсептейт.

«Долбоордо жубайлардын бири КР жараны болсо, суррогат эненин кызматын пайдаланууга болору көрсөтүлгөн. Бирок анда көз боёмочулуктар болушу мүмкүн: жасалма никеге туруп, бала төрөтүп, аларды алып чыгып кетишет», - дейт Кубанычбекова.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда чет элдик жарандардын суррогат эне кызматынан пайдалануусун чектөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер «Жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө» мыйзамдын 104-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында суррогат эне болуу келишимин КР жарандары гана түзө алышат.

Ошол эле учурда өзгөчө жагдай каралган: чет өлкөлүк жаран менен расмий никеде турган Кыргызстандын жараны суррогат эненин кызматынан пайдалана алат.

Учурдагы мыйзамдар нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде медициналык көрсөтмөлөр боюнча суррогат эне болууга уруксат берет жана чет элдик жарандар үчүн өзүнчө мындай чектөөнү белгилебейт.

Негиздеме-маалымкатта мыйзам долбоорунун авторлору өзгөртүүлөр аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле суррогат энеликти чет өлкөлүктөр тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууну чектөө үчүн зарыл экенин белгилешет.

Анара Мамытова

Scroll to Top