Ташиев: Биз кызматтан тартип орнотуп коюп кетебиз (видео)

Ташиев: Биз кызматтан тартип орнотуп коюп кетебиз (видео)

Кыргызстанда тартип жана мыйзамдын күчү орнотулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда болгон жолугушууда билдирди.

Ал азыркы иш-аракеттер өлкөнүн келечегин аныктоого багытталганын белгиледи.

«Биз дагы кетебиз жумуштан, 1 жыл, 2 жыл, 5 жыл, 10 жылдан кийин болобу кызматты тапшырабыз, бирок ага чейин өлкөдө тартип орнотулат. Мен эмнеге коркпостон кылмышкерлердин, коррупционерлердин баарын жоопко тартып жатам, себеби мен мыйзам бузган жокмун. Иштесеңер таза иштегиле, эртең жумуштан кеткенден кийин жоопко тартылып жүрбөгүлө», — дейт ал.

Камчыбек Ташиев райондогу жолугушууда убакыты аз болуп, аймактан аймакка чуркап жүргөнүн айтып, «мына бүгүн эртеден бери тамак жей элекмин», — деди.

Ал УКМКнын Баткен облусундагы 8 кызматкери иштен алынганын дагы кабарлады.

«Алар коррупцияга аралашып, ишкерлерден акча жыйнап калышкан. Мындай кызматкерлер боюнча мага коркпой жеткирип тургула. Баарын жоопкерчиликке тартабыз», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>