Токмоктогу дөңгөлөк кайра иштетүүчү завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыктыЧүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилдиОш шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасында Азия чемпионаты өтөтКыргызстанда чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун эрежелери өзгөрдүКыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,6 пайызга өстүБишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн аймагында газ үч күнгө өчүрүлөт
Ташиев: Биздин карта боюнча Үңкүр-Тоонун 35 гектар жери биздики эмес
17.11.2022 | 14:29
Үңкүр-Тоонун 35 гектар жери азыркы картабызда биздин жер болуп эсептелбейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Жыйында депутат Шайлообек Атазов Үңкүр-Тоо боюнча суроо узаткан.
“Үңкүр-Тоонун 35 гектар жери азыркы картабызда биздин жер болуп эсептелбейт. Себеби, ал Өзбекстанга караган жер болгон. Аны бүгүнкү келишимдердин негизинде, өзүбүзгө алып жатабыз. Мындан ары Үңкүр-Тоо толук бойдон Кыргызстандын менчигинде болот. Мурда 30%ы Өзбекстанга карап турган”, – деди Ташиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом