Ташиев: Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз

Ташиев: Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз

Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасынан билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн Элдик курултайда президент менен УКМКнын төрагасынын мамилеси тууралуу сөз болуп, Садыр Жапаров «эки дос» бийлик талашып жатканын айткандар 3 жылдан бери болуп келе жатканын, ал сөздөрдө чындык жок экенин жана алардын ортосуна чагым салууга аракет кылгандар бар экенин билдирген.

«Мен президент болуп отурамынбы же Камчыбек Кыдыршаевич келип отурабы, экөөбүзгө айырмасы жок. Ал мекеним деп күйөт, мен да мекеним деп күйөм. Ошон үчүн (бийлик – ред.) талашпайт», — деген Садыр Жапаров.

Ташиев Садыр Жапаровдун курултайдагы сөзүн бекемдеп, алар бийлик үчүн чырдашпай турганын билдирди.

«Урматтуу мекендештер! Эми гана өзүмө келдим. 3 күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөрдүм. Ажобуздун Элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим.

Биринчиден, президентибиз туура айтты. Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.

Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт!

Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган. Ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса», — деп жазды ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>