Мигранттардын эл аралык майрамына карата Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Мигранттардын эл аралык майрамына карата Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Миграциянын агымы бара-бара  диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун бүгүнкү мигранттардын күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

Президент  дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого алган мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров мигранттардын укугун коргоо жаатында иштер жүрүп жатканын айтты.

“Өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин, ошондой эле өлкө аймагында турган иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо аркылуу миграциялык потенциалды өлкө кызыкчылыгына багыттоо жаатында да жылыштар бар. Бара-бара эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат”, — дейт ал.

Кыргызстан 2003-жылдан бери Мигранттардын эл аралык күнүн белгилеп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>