Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды
02.11.2023 | 17:35
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын борту “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Жапаров 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги онунчу саммитине катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом