Ташиев: Менде коррупционерлердин тизмеси бар, баарын кустурабыз

Ташиев: Менде коррупционерлердин тизмеси бар, баарын кустурабыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкө казынасына кол салган коррупционерлердин баарын кустурат. Бул тууралуу ал Facebook бааркчасына жазды.

“Официалдуу жумушка чыкканыма үч күн болду. Үч күндө 2 млрд. сомдон ашык уурдалган акчаны өндүрдүк, тергөө аныкталса дагы төгөт. Бул башталышы гана, буюруса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз”, – деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу  менен УКМКга жетекчи болуп барган. Ал кызматка киришип жатып, журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, коррупцияга баргандар мурдагыдай камабай, алардан  мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу керектигин айткан.

20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кармалды. Көп өтпөй ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сомду УКМКнын депозиттик эсебине которгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>