Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Ташиев жакында жогорку кызматтагы чиновниктер кармаларын айтты
26.05.2023 | 13:08
Жакында жогорку кызматтагы аткаминерлердин кармалашы күтүлөт. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалга берген маегинде билдирди.
Ал казынага кол салган аткаминерлерди катаал жаза күтөрүн эскертти. Ташиев өлкөнү ири суммага алдаган кылмышкерлер болбошу керек дейт.
“Жакында элдин акчасын колунда кармап, бирок аны башка максаттарга жана натыйжасыз жумшаган каржы тармагындагы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди кармап, жоопко тартабыз”, – деди ал.
Буга чейин Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар