Тергөөчүдөн вице-мэрге чейин. Нурдан Орунтаев тууралуу эмне белгилүү?

Тергөөчүдөн вице-мэрге чейин. Нурдан Орунтаев тууралуу эмне белгилүү?

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылганын кечээ Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирген.

Маалым болгондой, анын суракка чакырылышы Жал кичирайонундагы «Батуми» кафесинин буздурулушу менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, буга чейин «Батуминин» ээлери кафенин түрттүрүлүшү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Жерине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, кафенин ээлери менен жолуккан.

Өмүр баяны 

Нурдан Орунтаев 1989-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында туулган.

Билими:

— 2006-2011-жалдары — Россиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясы, «юриспруденция», «соттук криминалистика» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

— 2011-2012 — жылдары — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 2012-2014 — жылдары — ИИМ Академиясынын окутуучусу;

— 2015-2016 — жылдары — Октябрь райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2016-2018 — жылдары — Октябрь райондук ИИБдин улук тергөөчүсү;

— 2018-2019 — жылдары — Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары;

— 2019 — жылы — Чүй облусунун Москва райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальниги;

— 2019-2020 — жылдары — Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальниги;

— 2020-2021 — жылдары — ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү;

— 2021 -жылы — ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

— 2022 — жылы — Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору;

— 2022-жыл, август — Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Вице-мэр Орунтаев УКМКга суракка чакырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>