Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Ташиев: Жыл аягына чейин дагы бир топ коррупционер камалат
05.04.2024 | 17:30
УКМК коррупция менен күрөштү улантат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Орок айылындагы стадиондун курулушу менен танышуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, жыл аягына чейин дагы бир топ ири коррупциялык иштин бети ачылат.
“Коррупционерлер абакка түшөт же мүлкүн өткөрүп берет”, – деди Камчыбек Ташиев.
Анын маалыматында, УКМК бир эле күндө миллиардка жакын акчаны мамлекетке кайтарды.
“Мисалы 4-апрель күнү 200 миллион сомдук мүлк мамлекеттин карамагына өттү. Алар Бишкектин борборундагы тарыхый имарат, “Достук” мейманканасы, төрт жолу депутат болуп шайланган адам менчиктештирип алган стадион”, – дейт Камчыбек Ташиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом