Абакта жаткан жаран сабалды. Жаза аткаруу кызматы өз версиясын айтты

Абакта жаткан жаран сабалды. Жаза аткаруу кызматы өз версиясын айтты

Жаш балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет көрсөткөнү үчүн соттолгон М.уулу Т. аттуу жаранды №16 түзөтүү мекемесинин жаза аткаруу кызматкерлери сабаган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалыматында айтылат.

Соттолгон ага карата күч колдонулганы тууралуу видео кайрылуу жасап, ал интернетке жарыялангандан кийин аны №16дан  №3 түзөтүү мекемесине которушкан.

«Анын оң далысында көк-ала тактар бар экени аныкталган. Соттолгон жарандын айтымында, күч колдонуу жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан болгон, бирок, түшүнбөстүктөр чечилгенин айтып, арыздануудан баш тартты», — дейт Акыйкатчы.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын айтымында, №16 түзөтүү мекемесинде  М.уулу Т.дан уюлдук телефон табылган.

«М.уулу Т. нын уюлдук телефонун алып койгондон кийин, агрессия көрсөтүп, түзөтүү мекемесинин өнөр жай имаратына чыгып алып, уюлдук телефонун кайтаруусун талап кылып, антпесе өз өмүрүнө кол салаарын билдирип коркуткан», — дейт Жаза аткаруу кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>