Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Ташиевдин резиденцияга жашоосуна Жапаров уруксаат берген
23.10.2021 | 19:02
Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик резиденцияда жашашына Садыр Жапаров уруксаат берген. Бул тууралуу президент өзү маалымат жыйынында тастыктады.
«Ал жерде кимдер жашай турганын мен чечем. Ташиевдин коопсуздугу үчүн ошол жакта жашашына уруксат бергем»,-деди Жапаров.
Буга чейин прессада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашап жатканын жазышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат