40 млн сом. 585 кишинин өмүрү коркунучта. Эртең митинг

40 млн сом. 585 кишинин өмүрү коркунучта. Эртең митинг

Бөйрөгүн жана боорун алмаштыра турган 585 кишинин өмүрү коркунучта. Бул туурасында «Жашоого үмүт» коомдук уюмунун жетекчиси Уран Ибраимов Reporter.kg ′ге билдирди.

Анын айтымында, мамлекет боорун жана бөйрөгүн алмаштыра турган 585 жарандын 8, 5 айга жете турган 4 дарысына 78 млн. сом бөлөт. 2021- жылдын дарысын ушул кезге чейин алыша элек. Анткени, быйыл сентябрь айында тендер өтүп орусиялык «МедСервис» компаниясы утуп алган. Бул компания аркылуу оргинал дарылардын ордуна аналог (дженерик) дарыларын берип, 40 млн сом үнөмдөө максатын көздөп жатат. 585 киши аналог дарыга каршы болууда. Ден-соолукка терс таасирин тийгизет деп кооптонуп, бул иш аракетке каршы чыгып эртең Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында чыкканы жатат.

Ошондой эле Ибраимов 2021-жылы бериле турган дарыларды эмдигиче ала электигин, канчагалаган киши кымбат дары ичүүгө мажбур болуп жатканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>