ШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болуудаКыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдөБишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз Сокулук районунан табылдыБишкекте ижарага берилүүчү электросамокаттар төрт күнгө алынып салынат
Ташиевге арыздануу үчүн УКМКга келген Султанбеков оюнан кайтты
25.11.2021 | 11:39
23-ноябрда “Социал демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, ошол эле күнү кечинде, саат 20:00дө УКМКнын кызматкери Султанбеков менен коомдук кабылдамада сүйлөшүп, шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалыматы бар экенин айтканы кабарланган.
Султанбековго мыйзам бузуу фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укугу бар экендиги түшүндүрүлдү. Ага атайылап жалган жалаа үчүн жоопкерчилик да эскертилди.
Жыйынтыгында, Султанбеков расмий кайрылуудан, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтын чоо-жайын айтуудан баш тартты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат