Ташкентте КМШ өлкөлөрү миграция маселесин талкуулашты

Ташкентте КМШ өлкөлөрү миграция маселесин талкуулашты

28-29-сентябрда Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Миграция органдарынын башчыларынын Кеңешинин жыйырма жетинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жыйынга миграция органдарынын Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жетекчилери катышты.

Кыргызстандын делегациясын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жетектеди.

Н.Базарбаев өз сөзүндө миграция жаатында талкууланып жаткан маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, КМШга мүчө-мамлекеттерди аларды чечүүнүн жолдорун издөөгө активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов катышты.

Отурумдун күн тартибинде миграциялык абал, миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөр, мамлекеттер аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери, КМШга мүчө-мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү жана расмий иш-аракеттери боюнча миграциялык органдардын жетекчилеринин баяндамалары каралды.

Жыйындын жыйынтыгында КМШга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү 2024-жылга иш планын бекитип, миграция маселелери боюнча тиешелүү чечимдерге кол коюшту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>