УКМК: Кылмыштуу топтун мүчөлөрү, милиция кызматкерлери кармалды

УКМК: Кылмыштуу топтун мүчөлөрү, милиция кызматкерлери кармалды

Каракчылык кылууга шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле кылмышты жашырууга шектелген Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кылмыш кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын кол алдындагы эки кызматкери кармалган.

Быйыл 9-декабрда кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен Д.А. аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

«Бирок, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Ошондой эле, аталган райондук милициянын кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө алып алышкан. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, УКМК тарабынан быйыл 9-декабрда каракчылык фактысын жасоого шекелип аталган топтун 5 мүчөсү кармалды.

«Учурда бул кылмыштуу топтун жүргөн жерин аныктоо жана башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. УКМК жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдар боюнча жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын аракетсиздиги жана жарандардын кайрылууларына көңүл бурбоо мындан ары кылмышкерлерге жардам берүү катары бааланып, андан ар кандай кесепеттерге алып келерин эске салат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>