Таяк тартыш боюнча кыргызстандык спортчулар Лас-Вегаста (АКШ) өткөн «Олимпия 2024» мелдешинде 6 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Байгелердин бешөө алтын, бирөө күмүш. Алтын медалды Азамат Асанов (80 кг), Дилбара Иманканова (70 кг), Акыл Урунбаев (110 кг), Улукбек Ырсыбаев (абсолюттук салмак) жана Дилдора Рахмонова (абсолюттук салмак) тагынган. Ал эми күмүш байгеге Азат Таштанбеков татыды.
Мелдеш 10-13-октябрь күндөрү өттү.