Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Таяк тартыш: Кыргызстандык 2 спортчу эл аралык мелдеште алтын утту
09.11.2023 | 14:33
Таяк тартыш боюнча кыргызстандык спортчулар Элдос Айтбаев менен Элза Абдыкадырова АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарында өткөн эл аралык фестивалда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Элза Абдыкадырова 70 кг жана Элдос Айтбаев 80 кг салмакта күч сынашып, алтын медалга ээ болушкан.
Эскерте кетсек, АКШдагы эл аралык фестиваль 2-5-ноябрь күндөрү болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Россия, Пакистан, АКШ, Канада, Венгрия, Япониядан келген спортчулар катышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз