Тазабек Икрамов: Вакцинацияны премьер-министрден жана депутаттардан башташ керек

Тазабек Икрамов: Вакцинацияны премьер-министрден жана депутаттардан башташ керек

Вакцинацияны премьер-министр, бардык жетекчилер менен депутаттардан башташ керек. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында айтты.

Анын айтымында, вакцинацияны ким албаса жумушка чыкканга уруксат бербей жана башка өлкөлөргө учурбай кыйнап баштайт.

“Башка өлкөлөрдө вакцинация алган учурда ден соолугу начарлап, керек болсо аябай күчөп кетип, каза болгонго чейин барууда. Ошондуктан бул вакцина кайсы жактан келгендиги тууралуу бизге түшүндүрмө берсин. Андан сырткары, баасы канча турары, акысы айтылсын. Ал эми вакцинация башталганда эң биринчи Саламаттыкты сактоо министрлиги түз эфирде өзүлөрүнө баштаса. Ошол эле премьер-министрден, бардык жетекчилер, депутаттардан башташ керек. Ал эми ким албаса жумушка келбесин, башка өлкөгө учпайт деп кыйнай баштайт», —  деди Икрамов.

Ошондой эле эл вакцинацияны баштардан мурун кайсы жактан келгенин, лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөнүн же өтпөгөнүн элдерге толук түшүндүрүү жана эмдөө акысыз болуш керектигин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>