Бишкекте мамлекеттик телеканалдын кызматкерине кол салуу болду — толук маалыматКыргызстанда 261 миң гектар аянтта дан эгиндери жыйналдыЖаратылыш министрлигинин экорейддери: текшерүүдөн кийин мончо жабылып, таштанды жаккандыгы үчүн айып пул салындыБазар-Коргондо баасы 187 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылдыКеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда6-август: өлкөнүн айрым аймактарда жаан жаайт
Самаев: Токмокто бир партия беш жолу шайлоо мыйзамын бузду
25.03.2021 | 11:25
Токмок шаарында айыл башчыларды, муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин партиялардын бири добуш бергиле деп кыйнап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урмат Самаев айтып чыкты.
Ал өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандык дагы дал ушундай шайлоо мыйзамдарын бузгандан келип чыккандыгын эскертти.
“Апрелдеги шайлоого Токмок шаарында 5 партия ат салышып жатат. Төртөө бизге кайрылып, партиялардын бири мыйзамды одоно бузуп жатканын айтышты. БШК буга кызыктарбы, беш мыйзамды одоно бузушуптур. Эртең акча таратышат деп кооптонуп жатышат. Токмок шаарынын жергиликтүү бийлиги муниципалдык ишканаларды, айыл башчыларды кыйнап жатышыптыр”, – деди Самаев.