«Тазалыкчылар» таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда

«Тазалыкчылар» таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда

Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратышууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Таштандыларды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындай иш-чаралар жарандарга ыңгайсыздык жаратып жаткан унаа тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында көрүлүүдө.

«Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгынынын пайда болуу ыктымалдыгын азайтууга жардам берет, ошондой эле бул процессти жол кыймылы аз  мезгилде жүргүзүү ыңгайлуу», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жол тыгындарын азайтуу жана катуу таштандыларды чогултуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жарандарга таштандыларды саат 19:00дөн кийин чогултуу сунушталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>