Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ысык-Көлдүн пансионаттарында 54 экологиялык мыйзам бузуу аныкталды
09.07.2026 | 11:24

Ысык-Көл облусунун пансионаттарындагы пландан тышкары текшерүүлөр жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 54 учурду аныктады. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 767 миң сомду түздү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, текшерүүлөрдү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын адистери Бишкек экологиялык прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүшкөн.
Рейддердин жыйынтыгында мыйзам бузуучуларга 54 административдик протокол түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Министрликтен ошондой эле Экономика министрлигинин макулдугун алгандан кийин Ысык-Көл облусундагы башка эс алуу объекттеринде да ушундай эле пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлөрүн кошумчалашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минприроды