Тажик чек арачылары кыргыз жоокерин сабашты. УКМКнын жообу

Тажик чек арачылары кыргыз жоокерин сабашты. УКМКнын жообу

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз аскерин Тажикстандын чек арачылары сабаганын билдирди.

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 19-мартта Лейлектин Сада аймагында кызмат өтөп жаткан жоокер чек арада белгисиз автоунаа турганын байкаган. Ал машинени кармоого аракеттенип тажик чек арачылары кароолдо турган аймакка өтүп кеткен. Коңшу өлкөнүн чек арачылары аны кармап кеткен. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин ал Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Маалыматка караганда, бошотулгандан кийин анын башы жарылып, сыйрылган жана кийими канга боёлгон абалда болгон. Ал тажик чек арачылары менен мушташ болгонун айтып берген.

Учурда жоокердин саламаттыгы туруктуу, ал ооруканада дарыланып жатат. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тажикстандын расмий органдары комментарий бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин муздап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>