Шубинкадагы чатак. Маданият министрлиги мектептин жетекчиси Гүлзинат Суранчиеваяга эскертүү берди17-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайтКыргызстанда медициналык китепчелер электрондук форматка өткөрүлөтОшто жасалма документтерге байланыштуу сырттан алынып келинген 30 миң көчөт жок кылындыАдылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышуу үчүн Өзбекстанга бардыБишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Альпинисттик лагерден 2 адамды атып өлтүргөн күзөтчү кармала элек
08.07.2019 | 11:38
Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүрүп качып кетти делген Сергей Смирнов кармала элек. Бул тууралуу reporter.kg`ге облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
“Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүүнү кармоо үчүн бардык тийиштүү күч каражаттары тартылды. Шектүү ошол аймакты жакшы билип, мурда туристтерге жол көрсөтүп иштеп жүргөндүктөн, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо кыйын болууда”, – деди Усубакунов.
Айта кетсек, шектүү “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарлаган. Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.
Рубрики: Жаңылыктар