Тажикстанда быйыл Айт намазы жамаат менен окулбайт

Тажикстанда быйыл Айт намазы жамаат менен окулбайт

Тажикстанда быйыл айт намазы жылдагыдай жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу 18-майда өлкөнүн Ислам борборунун уламалар кеңеши билдирген.

Кеңештин мүчөлөрү айрым динчилдер Айт намазды интернет аркылуу өткөрүүнү сунуштап жатышканын, бирок бул ханафи мазхабына туура келбестигин белгилешти.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети мындай чечимдин кабыл алынышына коронавирус эпидемиясы себеп болгонун кабарлады.

18-апрелде тажик бийлиги коронавирус коркунучунан улам мечиттерде жамаат менен намаз окууга тыюу салган.

18-майга карата өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 1729 адамга жетти. Алардын ичинен 41 бейтап каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>