Тажикстанда пневмониядан 24 медик каза болду

Тажикстанда пневмониядан 24 медик каза болду

Акыркы эки айдын ичинде Тажикстандын Хатлон облусунда пневмониядан 24 медицина кызматкери каза болду. Бул маалыматты облустук саламаттык сактоо башкармалыгы ырастады.

Айрым көз жумган дарыгерлердин туугандары алар «кызыл аймактарда» COVID-19 жуктурган бейтаптар менен иштегендиктен, коронавирустан өлгөн болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын өкүлү Илёсиддин Саидовдун айтымында, учурда облус боюнча жалпысынан 358 медицина кызматкери пневмония менен ооруп жатат. Алардын ичинен 162си дарыгер, 152си медайым, калганы техникалык жумушчулар.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта облустагы медициналык жайларда COVID-19 жуктуруп алган 44 бейтап дарыланууда. Илдетти 337 адам жуктуруп, 10у каза болду. Бирок социалдык түйүн колдонуучулары COVID-19дан өлгөндөр кыйла көп экенин жазышууда. Буга чейин жергиликтүү бийлик акыркы айларда облус ооруканаларында 190 бейтап пневмониядан каза болгонун билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>